SUPERTV`нын көрүүчүсү телевизор утуп алды!

SUPERTV телеканалы ар дайым көрөрмандарын кубантып келет. Бул ирет биздин телеканалда сынак жүрүп, анда телевизор ойнотулган. Шарт боюнча көрүүчүлөр телеканалда күн сайын белгисиз убакыттарда экранга “телевизор утуп ал” деген жазуу менен чыккан коддорду чогултуп, SUPERTV`нын телеграм каналына жиберүү керек эле. Анда күнүнө бирден код жарыяланып, жалпысынын 3 цифрадан турган кодду алгачкы болуп телеграм каналга жиберген адам жеңүүчү аталмак. Бүгүн дал ошол телевизорду утуп алган Азамат Абдиев аттуу жеңүүчү өз белегин алуу үчүн биздин кеңсеге келди.

Ага телевизорду SUPERTV`нын башкы редактору Шайиста Шатманова тапшырып, утушу менен куттуктады.

Телевизорду утуп алган жеңүүчү сынакка кандайча катышып калганын айтып, төмөнкүлөргө токтолду.

“Буга чейин эч бир сынакка катышкан эмесмин. Жадакалса, ишенбейт болчумун. Бул ирет атам телевизор көрүп жатып, сынак жүрүп жатканы тууралуу билип калыптыр. Мага “катышып көр” деди. Атамдын көңүлү калбасын деп эле катышкам. Чынында жеңүүчү болорумду таптакыр күткөн эмесмин. Абдан кубанып жатам”, — деди.

Ошондой эле SUPERTV телеканалындагы берүүлөрдү калтырбай көрүп калганын кошумчалады.

“Өзүм Түштүк Кореяга барып келгендиктен, сиздердин каналда көрсөтүлүп жаткан корей дорамаларын, клиптерди сүйүп көрөм, жаңылыктарды да калтырбайм”, — деди жеңүүчү.

Сиз дагы биздин каналды көрүп, пайдалуу маалымат гана албастан ар түрдүү байгелердин ээси болууну кааласаңыз – биздин каналдан алыстабаңыз! SUPERTV сиздер үчүн ар дайым кызматта!