SUPERTV’нын оромо саткан кичинекей каарманы мектеп-интернатка өткөрүлдү (видео)

Мындан 2 жыл мурда SUPERTV телеканалы оромо сатып, үй-бүлөсүнө жардам берген 12 жаштагы Данияр аттуу өспүрүмдүн баянын тарткан. Дал ошол каарманыбыздын апасы Гүлмира Мукамбетова 2 ай мурда уулунун дайынсыз жоголгонун айтып, маалыматтык колдоо сурап кайрылган. Видео жарыяланган соң уулу аман-эсен табылып, ата-энесине өткөрүп берилген. Апасы уулунун мектеп-интернатка өткөрүп берилгенин, 9-наристеси шашылыш операцияга муктаж экенин айтты.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: 0706 87 87 89. 

«Ноябрь айында уулум Данияр жок болуп, силерге кайрылганбыз. Балама өзүнөн улуулар акчадан улам кысым көрсөтүп жаткан экен. Силер аркылуу 5-6 күндөн кийин табылды. Бир эженин күйөөсү үйгө алып келип, таштап кетти. «Үйдө көйгөй болуп жатабы» деп сүйлөштүк, баары жакшы экенин айтты. Менин ооруп жатканымды түшүнүп убактылуу мектеп-интернатка алышты. Кайсы учурда болсо да алсак болот. Ага жолугуп турууга укугубуз бар. Ден соолугубузга байланыштуу убактылуу ошол жакта окуп жатат», — деди апасы.