«Мага каза болгон 13 жаштагы кыздын апасы кайрылды. Анын айтымында, анын кызын Дубайда мыйзамга каршы аракеттерге тартылып, кийин ал каза болгон экен». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева билдирди.
«Укук коргоо органдарынан бул жагдайды көзөмөлгө алып, ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүп, болгон окуянын бардык жагдайларын аныктап, тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берүүнү суранам», — деди ал.