Сурабалдиева: «Бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл»

«Бардык медициналык мекемелердеги коопсуздукту камсыздоо боюнча, өзгөчө, медициналык жана көмөкчү жабдуулардын техникалык абалын текшерүү жаатындагы ишти күчтөндүрүү зарыл. Биз чет өлкөдөгү ооруканалардын бириндеги кычкылтек аппаратынын бузулуусунан улам орун алган жарылуу сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна жол бербөө боюнча алдын алуу чараларын кабыл алуубуз керек». Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Мырзабек Жыпаркуловго аталган маселени жеке көзөмөлгө алуусу жана кыска мөөнөттө өлкөнүн бардык медициналык мекемелеринде текшерүү жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте медициналык кызматкерлер арасында медициналык жабдууларды белгиленген эрежелерге ылайык пайдалануусу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иши жүргүзүлөт.

Андан соң кеңешмеде Саламаттыкты сактоо министрлигинин учурдагы эпидемиологиялык абал тууралуу маалыматы угулду.

Белгиленгенедей, COVAX (вакциналар боюнча глобалдык альянс) демилгесинин алкагында Кыргыз Республикасы тараптан коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 200 миң доза вакцина алууга билдирме берилген жана ал жактырылган. Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан жактырылган вакциналар алынган соң, өлкөнүн 20 пайыз ашуун калкын вакцинациялай алат.