«Кылмышкер жазасын алмайынча зомбулук азайбайт». Аида Касымалиева чуулуу видео боюнча үн катты

Кечээки үрөй учурган окуя бизде болбоптур, бирок балдарга, өспүрүмдөргө жана аялдарга карата зомбулук өлкөдө өтө күчөгөн. Анын ичинде сексуалдык зомбулук, педофилия көп. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кылмышкер тийиштүү жазасын алмайынча зомбулук азайбайт.

“Мыйзам чегинде эле өз жазасын алса, жетиштүү. Эч кандай өлүм жазасынын кереги жок болмок. Эл да ошондо «өзүм соттойм, өлтүрөм» дегенден алыс болот эле. Өткөн аптада парламентте үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча мыйзам боюнча кылмышкерге чараны дагы катаалдантып бердик. Мыйзам экинчи окууда өттү. Жакынкы аралыкта толук кабыл алынат, президент ага кол коёт деп ишенебиз”, — деди Касымалиева.

23-январда интернетте мончодо белгисиз эркек болжол менен өспүрүм баланы күчкө салып зордуктап жатканы тартылган видео тараган. Ички иштер министрлиги мончодо зордукталган балага байланыштуу окуя эки-үч жыл мурун Кыргыз өлкөсүнөн сыртта болгонун, кылмышка шектүү адам изделип жатканын маалымдаган болчу.