Сурабалдиева: «Кызыл зонада иштеген врач күнүнө 3 миң сом компенсация алат»

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ноябрь айы үчүн Улуттук госпиталда иштеген дарыгерлердин айлыгына 19 миллион сомго жакын акча каражатын которгон. Фонддун маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча аймактарда иштеген ак халатчандарга ноябрь айы үчүн компенсация да төлөнө башталды. Баары биригип өлкө боюнча өткөн айда 11 миң 911 медициналык кызматкер кызыл зонада иштеген.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиеванын айтымында, соңку үч аптада өкмөт республикалык бюджетти коргоп жүрүп, айлыкты которууга жетишпей калышкан. “Азыркы тапта кызыл зонада иштеген врач күнүнө 3 миң сом компенсация алат. Техникалык жактан кечигүүлөр болуп калышы ыктымал, бирок кечээ кечинде бардык сумма которулду”, — деди Сурабалдиева.

Кечээ Улуттук госпиталдын кызыл зонасында иштеген 30дай ак халатчан  маянабызды төлөбөй жатышат деп Саламаттыкты сактоо министрлигинде митинг өткөрүшкөн эле.