Сурабалдиева Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиева Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү  ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда  саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерини талкууланды. Эки тарап калкты COVID-19дан вакцинациялоо, кыргыз студенттеринин Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алуусу жана жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу үчүн усулдук курстарды уюштуруу мүмкүнчүлүгү маселеси боюнча пикир алмашты.

 Сурабалдиева Орусия тарапка COVID-19 инфекциянын жайылышына каршы күрөшүүдө көрсөтүлгөн гуманитардык көмөгү жана финансылык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.