Сурабалдиева педофилдердин сүрөтү жана маалыматы камтылган картасын түзөлү дейт

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Кыргыз өлкөсүндө да Казакстандагыдай педофилдердин сүрөтү жана маалыматы камтылган картаны түзүүнү сунуштады.

“Бала мектепке баргандан тартып биз аларга негизги эрежелерди үйрөтүшүбүз керек. Чоочун адамды ээрчибе, алардын унаасына отурба, алар менен сүйлөшпө жана башка ушул сыяктуу таалим-тарбияны беришибиз зарыл. Кээде чоң эле кишилер педофилдер кимдер экенин билишпейт. Ошондой эле өспүрүмдөргө интернетте порнография көрүүгө чектөө болушу шарт. Сиз акыркы жолу качан балаңыздын телефонун же компьютерин текшердиңиз? Бизге да Казакстандагыдай карта керек. Ар бир ата-эне, ар бир жаранга бул маалыматтын маанилүүлүгүн жеткирүү кажет. Бир канча киши 13 жашар кызды зордуктап жүргөнү ачыкка чыкканда тескерисинче ал кызды жана анын ата-энесин күнөөлөй башташты. Биз баарыбыз буга күбө болдук. Картаны киргизүүгө жана ага педофилдердин маалыматын жарыялап турууга кандай карайсыз? Же ошол зордукчулардын тарапташтары, туугандары жан тартып, каршы болушабы?”, — деп жазган Сурабалдиева.

Коңшу Казакстанда соңку жылдарда педофилдердин маалыматы камтылган электрондук карта иштеп келет. Ал карта аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасы жана укуктук статистика боюнча комитети тарабынан түзүлгөн. Анда жашы жете электерге карата жыныстык зомбулукка айыпталгандыгы боюнча соттолгондордун маалыматы жазылган.