Сурабалдиева зомбулуктан жабыркаган 14 жашар кыздын энеси менен жолугушту

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө зомбулуктан жабыркаган 14 жашар кыздын энеси менен жолугушту.

«Акыркы соттук чечимдер чыгарылган учурдан бери аталган чечимди жеке көзөмөлүмө алдым. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү көмөк жана колдоо көрсөтүү болюнча токтоосуз тапшырмалар берилди.  Жашы жете элек балдарды зордуктоо фактылары мыйзамга ылайык, катаал жазаланышы керек. Коомчулукта мындай окуяларга жол берилбеши керек. Жеке инсанга, ынсапка жана баланын бактылуу балалыкка жана бакубат келечегине карай укугуна каршы келген мындай кылмыштар мамлекеттин көңүлүнөн тыш калбашы керек», — деди Сурабалдиева.

Ал тармактык түзүмдөрдүн аялдарга жана жашы жете элек балдарга карата зомбулук фактыларынын алдын алуу боюнча сапаттуу иши зарыл экендигин белгиледи.

«Тармактык мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары натыйжалуу өз-ара аракеттешип, бул сыяктуу окуялардын алдын алуу боюнча ырааттуу иш жүргүзүшү зарыл», — деди вице-премьер.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана тармактык мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.