«Сураныч, үйүңөргө кеткилечи». «Достуктун» капитаны судьяда айып жок экенин айтты

«Достук» командасынын капитаны Кыяз Ниязовдун судьяда айып жок экенин айтып, чогулгандарды үйлөрүнө кетүүнү суранып жаткан видеосу тарады.

«Жигиттер, силерден сураныч үйүңөргө кеткилечи. Судьяда айып жок. Бул спорт. Жалал-Абадда биз уттук, бүгүн утулдук. Мындай болуп турат» деп айтып жатканын көрүүгө болот.