Сурдолимпиадалык оюндарга катышкан машыктыруучулар менен спортчулар сыйланды

XXIV жайкы Сурдолимпиадалык оюндарга ийгиликтүү катышкандыгы үчүн машыктыруучулар менен спортчулар сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Бразилияда өткөн XXIV жайкы сурдолимпиада оюндарынын байге ээлери менен жолугушууда бул мелдештерде ийгиликтерге жетишкен машыктыруучуларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Атай кетсек, Бишкек шаарынын Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резервинин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин машыктыруучусу Фархад Ушуровго “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” наамы тапшырылды.

Аталган спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучусу Арам Акопянга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы берилди.

Мындан сырткары, Сурдолимпиада оюндарына катышкан бир катар спортчулар менен машыктыруучуларга ыраазычылык жарыяланды.