Сутка ичинде 413 адамдан коронавирус аныкталып, 5 адам көз жумду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 413 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Анын ичинде Бишкек шаары – 157, Ош шаары – 51, Чүй облусу – 98, Ош облусу – 41, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 6, Ысык-Көл облусу – 24, Джалал-Абад облусу – 24, Баткен облусу – 8.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 842 адамды түздү.