Сутка ичинде 82 адамдан коронавирус аныкталды

Бир сутка ичинде коронавирус жана пневмония илдети 82 жарандан аныкталганын Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаарынан — 55;

Чүй облусунан – 19;

Ысык-Көл облусунан – 5;

Жалал-Абад облусунан – 3 адамдан аныкталган.

Сутка ичинде Ош, Талас, Нарын жана Баткен облусунда илдетти жуктуруп алгандар аныкталган эмес.

Ал эми суткада аталган илдеттен айыккандардын саны 46 адамды түздү.

Ысык-Көлдө илдеттен бир адам каза болгон.