Сутка ичинде COVID-19 илдети 54 адамдан табылды

Бир сутка ичинде COVID-19 илдети 54 адамдан табылды, 57 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми каза болгондо катталган жок. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Жаңы учурлар:

Айыгып чыккандар:

Учурда 368 адам коронавирус жана пневмониядан стационарда дарыланууда, алардын ичинен:
253 адамдын абалы орто оордукта;
— 98 бейтап оор абалда;
— 17 өтө оор абалда.

Ал эми үй шартында 258 бейтап дарыланууда.

Коронавирус алгачкы жолу катталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда бул ооруга 86 миң 410 адам чалдыкты. Алардын арасынан 83 миң 375 киши сакайып чыкты. 1468 жаран каза тапты.