Сутка ичинде дагы 32 наристе! Өлкөдө пневмонияга кабылган балдар көбөйүүдө

Өлкөдө пневмония илдетине кабылган балдардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Бул туураалуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги билдирди.

Алардын айтымында, бүгүн, 16-февралда борбордо 150 бейтап пневмония илдети боюнча дарылануудан өтүп жатса, алардын 32си соңку сутка ичинде ооруканага келип түшкөндөрдүн гана эсеби.

Ошондой эле аталган борбордун маалыматы боюнча, акыркы күндөрү Кавасаки синдрому менен түшкөн ымаркайлардын саны азая баштаган. Борбордо учурда эки гана бала аталган оору менен дарыланып жатат.