Кыргызстанда 13-апрелге карата COVID-19 илдети 227 адамдан катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
- Бишкек — 141
- Ош — 6
- Чүй облусу – 64
- Ош облусу — 2
- Нарын облусу — 1
- Ысык-Көл облусу – 9
- Жалал-Абад облусу – 1
- Талас облусу — 1
- Баткен облусу — 2
2020-жылдын мартынан бери Кыргызстанда бул вирусту 90 миң 599 адам жуктурду.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 124 киши сакайып чыкты:
- Бишкек – 81
- Ош шаары – 1
- Чүй облусу – 30
- Ош облусу — 1
- Ысык-Көл облусу — 8
- Баткен облусу — 2
- Жалал-Абад облусу – 1.
Илдетти жалпысынан 86 миң 152 адам жеңди.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 киши каза болду. Анын ичинен үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталды. 12-апрелге карата каза тапкандардын жалпы саны 1532 адамга жетти.