Суу чарба агенттигинин жетекчиси Кыргызстан Казакстанга канча суу бергенин айтып берди

Нарын дарыясынын суусу энергияга пайдаланылат, ал эми Кыргызстан 1 пайыз гана алат. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Суу чарба мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, суу Токтогул суу сактагычынын энергетикалык режиминде иштейт, калган сууну коңшуларыбыз алат. «Сугат тармагына келсек, быйыл Чүй районундагы Чу дарыясын бойлой 163 милион метр куб суу бердик. Коңшуларыбыз 150 миллион кубдан ашпаган суу алганын айтып жатышат. Бизге окшоп алар да быйыл сууну аз алышты. Алар Киров суу сактагычынын 80 пайыздан ашыгын ошол жерден график боюнча алышкан, бирок жылдын аягында Киров суу сактагычында суу аз көлөмгө жеткен. А биз аны өзүбүздүн дыйкандарыбызга бөлүштүрүп койгонбуз. Эч кандай агызып суу берүү жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес, анткени сууну агызуучу жер жок. Белгилүү график бар, ошонун негизинде коңшуларга суу беребиз. Келерки жылы да бардыгыбыз милдеттенмебизди аткарышыбыз керек. Суу биз аркылуу гана берилбестен, биз да алабыз. Бизде бири-бирибизге көз карандылык бар. Чүй облусунда деле Казакстандын Аспара дарыясына көз карандыбыз. Ал жактан да сууну аз алдык, кошуналарга дооматыбыз бар. Ошого карабастан, биз өз тарабыбыздан жана коңшуларыбыз алган милдеттерди аткарууга аракет кылып жатабыз», — деп түшүндүрдү ал.