Суу чарба кызматы: «Казак тараптын Кыргызстанга суу маселеси боюнча дооматы жок»

Казак тараптын Кыргызстанга суу боюнча эч кандай дооматы жок. Бул тууралуу маалымат жыйынында Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын өтүнүчү менен 17-19-июль күндөрү Кыргыз Республикасы менен Казакстандын өкүлдөрүнүн ортосунда Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринде суу бөлүштүрүү боюнча жолугушуу болуп, протоколго кол коюлган. Казак тараптын өтүнүчү боюнча суу секундасына 45 метр кубга чейин көбөйтүлгөн, ал эми кыргыз тарап мындай суу менен Казакстандын лимити августтун башына чейин түгөнөт деп билдирген. Казак тарап бул шарттарга макул болгон.

«5-августтан баштап бул протоколдук чечимге ылайык, Казакстанга суу берилбей жатат. Бул эки тараптын тең чечими. Кечээ мен казак кесиптештерим менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Эч кандай көйгөй жок экенин дагы бир жолу тастыкташты. Бул алардын өтүнүчү болду. Алардын биздин мамлекетке эч кандай дооматы жок», — деди Алмазбек Сокеев.