«Суу жээктер, талаадан изделип жатат». Чүйдө 59 жаштагы жаран дайынсыз

Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жылтыр 115 тилкесинин 59 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу ӨКМге туугандары билдиришкен.

Мындан улам кечээ, 11-декабрда Кемин райондук ӨКБдан авариялык куткаруу унаасы менен 4 куткаруучу издешкен. Ал эми бүгүн кайрадан жогоруда аталган бөлүктөн 11 куткаруучу 3 милиция кызматкери менен биргеликте жел кайык, дрон аппараты менен издөөгө чыгышкан. Учурда алар агын суунун жээктеринен жана талаалардан издешүүдө.