Суу камдап алыңыз! 4-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

4-апрелде Бишкектин айрым райондорунда «Гагарин», «Юго-Западный» суу алгычтарындагы жана шаардык суу тармактарындагы оңдоо иштерине байланыштуу таза суу берүү убактылуу токтотулат.

Өчүрүү аймагы Лев Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковского, Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, Жумушчу шаарчасы, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк жагы), Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсү) менен чектешет. Саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.