Бишкектин айрым райондорунда 9-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Ошентип, өчүрүү аймагына төмөнкү көчөлөр кирет: Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек-Жолу проспектиси, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү.
Саат 9:00дөн 23:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.
Белгилей кетсек, Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.