Суу камдап алыңыз! Эртең Бишкектин айрым аймактарында суу өчөт

Эртең, 14-мартта Алтын-Ордо, Кара-Жыгач, Полицейский городок аймагында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле өчүрүү аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:

Достоевский көчөсү, Анкара көчөсү, Ауэзов көчөсү — темир жол.

Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде саат 9:00дөн 18:00гө чейин ичүүчү суу болбойт.

Ичүүчү сууну өчүрүү «Контррезервуар» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.