Суу кечип, жол тыгынын тазалаган жол тескөөчүнүн видеосу

ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгы суу кечип, жол тыгынын тазалаган жол тескөөчүнүн видеосу менен бөлүштү.

Маалыматка караганда, кечээ Түп районундагы Балбай айылынын унаа жолунда сел жүрүп, жолду суу каптап калган. «Маалымат түшөр замат Ысык-Көл облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жол тыгындарынын андан ары күчөп кетүүсүнө жол бербей, ошол замат унааларды өткөрүү менен жолду тазалашты»,- дешти.