«Суу кошулган спирт ичишкен». Министрлик Аксыдагы уулануу боюнча маалымат таратты

Саламаттыкты сактоо министрлиги Аксыдагы уулануу боюнча түшүндүрмө берди. Маалыматта каза тапкан адамдар суу кошулган спирт ичишкени айтылат. Буга чейин Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, 6 адам каза тапканы кабарланган.

«Бүгүн, 4-мартка карата таңкы саат 3төн саат 4:30га чейинки аралыкта Аксы районундагы аймактык ооруканасына 4 жаран кайрылган. Алардын ичинен үчөөнү көрүлгөн чараларга карабай аман алып калууга мүмкүн болгон эмес. Бир бейтап дарыланууда, анын абалы орто оор.

Мындан тышкары дагы 3 жаран үйүндө каза болгон. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалыматы боюнча, 2-мартта саат 13:30дан саат 16:30га чейинки аралыкта Кара-Суу айылынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, беш бармак жана сууга аралаштырылган спиртти ичишкен.

Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнүн жыйынтыгы менен берилет», — дешти мекемеден.