«Суу түтүктөр тоңуп калбаш үчүн муздак сууну агызып коюу керек» деген маалымат — фейк

«Бишкек суу канал» суу түтүктөрүнүн тоңуп калышына жол бербөө үчүн муздак суу крандарын ачуу зарылдыгы тууралуу социалдык тармактарда активдүү тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганын расмий билдирди.

Суу тармактары техникалык параметрлер жана стандарттар менен курулган. Траншеянын тереңдиги жана тармактарды куруунун башка параметрлери мүмкүн болгон климаттык шарттарды, анын ичинде төмөнкү температураны эске алуу менен эсептелген. Бардык абоненттерди социалдык тармактарда тараган туура эмес маалыматтарга ишенбөөгө жана түтүктөр тоңуп калбашы үчүн муздак суу крандарын ачпоого чакырабыз.