Суучул: «Балдардын өлүгүн таап, суу астында ыйлаган күндөрүм болду»

ӨКМге караштуу Терең суу шайма-шай бекетинин суучулу Искендер Рысалинов кесиби тууралуу кеңири маек куруп берди.

Суучул – жайдыр-кыштыр суу астында техникалык жана издөө иштерин аткарган, 12 метрден ылдыйкы тереңдикке кирүүгө уруксаты бар адам. Өлкөбүздө суучулдарды шар аккан сууларга издөөгө да киргизишет. Дүйнөлүк эрежеге таянсак, агымы шар сууга кирүүгө болбойт.

“2-3 жыл мурда Аламүдүн капчыгайындагы шар суунун жээгинде селфи жасап жатып, агып кеткен кызды издедик. Аны издеп таштан-ташка тийип, суунун шары менен кошо актык. Арасында мен да бар элем. Мындай окуялар көп эле кездешет. Ал эми Нарын суусу секундасына 10 метр ылдамдыкта агып, кайыкты 3-4 жолу аласалдырып жиберүүгө күчү жетет. Элестетиңиз, мындай сууга кирген суучулдун өмүрү кылдын учунда экенин”, — деп кебин баштады ал.

Анын айтымында, суучулдун өмүрүндө аркан менен аскадан сууга түшкөн көз ирмемдер көп кездешет. «Жардын, асканын башынан шар аккан сууга түшүп жатканда арканың кыпчылып, бир нече убакыт асылып да каласың. Ошондо өмүрдүн таттуулугу, баркы сезилет. Эгерде суучул шар аккан сууда издөө ишинде каза болуп калса, өзү күнөөлүү деп табылат. Анткени эрежеге ылайык, суунун агуу ылдамдыгы секундасына 2 метр болсо, сууга кирүүгө болбостугу ачык жана так жазылган. Айла жок, жардамга муктаж болуп, каржалып турган ата-энесин, туугандарын түшүнбөй койбойсуң. Анан кыштын кыраан чилдесинде агын сууга киребиз. А жакын адамын издегендер ызага муунуп, ичтери ачышып “издегенди билбейсиң, өзүм издейм”, деп ачуу сөздөрдү айтып, шар аккан сууга кирүүгө, ажалга моюн сунууга даяр абалда турушат. Мусулманчылыкта адамдын жүзү жок, жаназасы окулбайт эмеспи. Адамдын сөөгүн таап бергендин өзү соопчулук экен. Анткени, анын жерге берилип жатканына себепкербиз», — деди ал.

Ал суудан баланын сөөгүн таап, аны алып чыгуу оор экенин айтат. «Мен үчүн суудан баланын сөөгүн табуу, аны алып чыгуу өтө оор. Элестетиңиз, жээкте баланын ата-энеси, жакын туугандары күтүп турат. Алардын ошол учурдагы абалы көз алдыңда. Баланын сөөгүн тапканыбызда жээкке алып чыга албай, суу астында ыйлаган күндөрүм болду. Анткени мен да атамын. Кырсык, өлүм кары-жашка карабайт экен. Өзгөчө жайкысын бирин-бири куткарам деп кучакташкан бойдон чөгүп кеткен балдар, өспүрүмдөр көп кездешет. Урматтуу ата-энелер, балдарды сууда сүзүүгө үйрөтүңүздөр дегим келет», — деди суучул.

Ал суу түбүнөн адамдын жансыз денесин издеп жатканда кээде чочконун, кээде койдун өлүгү бутуна илинерин айтты.

«Бир жолу беш жашар кыздын сөөгүн издеп, Чоң Чүй Каналына кирдик. Суу түбүнөн баланын денеси сыяктуу жумшак бир нерсе бутума илинди. Келме келтирип, алып чыксам уйдун башы экен. Адамзаттын жаратылышка, сууга орой мамиле жасаганын көрүп, жүрөгүң ооруйт. “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор” деген саптарды эч эсибизден чыгарбайлы! 

Өзгөчө Чоң Чүй каналынын жээгиндеги үйлөрдүн жашоочулары курулуш жана башка таштандыларын, тамак-аш калдыктарын мүшөктөргө салып ыргытып жиберишет. Кээде малдын териси, кой, чочконун өлүгү да бутуңа илинет. Ал тургай, эти  шылынган малдын сөөгүн унаа менен каналдын суусуна төгүп салышканын көрдүм. Дал ушундай таштандыларды көрбөгөн шаар тургундары жайкысын ЧЧКга түшүп, эс алышат. Мындай таштандыга толгон сууга түшүү адамдын ден соолугуна зыянын тийгизбейт деп ким кепилдик бере алат. Айтайын дегеним, көп учурда таштанды топтолгон жерге адамдын сөөгү кептелип, үйүлгөн таштандынын астынан алып чыккан күнүбүз болду», — дейт Рысалинов.