Суучулдар чөгүп жаткан жаранды куткарып калышты (видео)

25-июнь күнү кечки саат 21:09да суучулдар Ысык-Көл районунун Григорьевка пристанында чөгүп жаткан жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Анда ӨКМдин суучулдары көлдөгү торлорду тазалоо учурунда көрүп, ыкчам аракеттин натыйжасында аман алып калышкан.