Суук кабар! Актриса Шайыр Касымалиеванын апасы каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Шайыр Касымалиеванын апасы дүйнө салды. Маалыматты актриса өзү тастыктады.

Актрисанын апасы Гүлнара Суранчиева 9-декабрда 73 жашында көз жумду. Ал Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында грим бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

SUPERTV актрисага жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.