Суукка байланыштуу кышкы каникул 16-январга чейин узартылды

Кышкы каникул 16-январга чейин узартылды. Билим берүү министри Уланбек Мамбетакуновдун маалыматына караганда, 3 күнгө онлайн окутуу киргизген эффективдүү эмес.

Буга чейин Билим берүү министрлигине каникулду узартуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен сунуш түшкөн. Билим берүү мекемелеринин негизги окуу планына ылайык, өлкө аймагындагы мектептерде 11-январдан тарта окуу башталмак.