Талас районунун Өтмөк ашуусундагы Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 36-чакырымындагы («Алим» оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы) чектөө саат 11:00дөн тартып алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кечээ, 13-ноябрда Өтмөк ашуусунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №36 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.