Суусамырда депутат куткаруучулардын көз алдында дарыяга чөгүп кетти (видео)

11-майда Суусамырда Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун айылдык кеңешинин депутаты Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин көзүнчө дарыяга чөгүп кетти. Бул тууралуу журналисттерге анын эжеси Назима Исакова билдирди.

Анын айтымында, Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери менен биргеликте Суусамырдагы аралда калып калган атын чыгармак болгон. «Кайык оодарылып, алар сууга агып кетишкен. Көрсө, иним ӨКМдин кызматкерин жээкке түртүп, өзүнүн арканы суу астында үзүлүп кетип, аны агым алып кеткен экен. Куткаруучулар өздөрүнүн кесиптешин гана эмес, агабызды да сактап калуу үчүн чара көрүшү керек эле деп ойлойбуз. Үчүнчү күн болду. Аны таппай жатышат. Бизге 23 куткаруучу тартылганын айтышты, бирок биз эки кайык менен төртөөнү гана көрдүк», — деди ал.