Суусамырда суук -45 градуска түштү

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы -45° болуп жатат. Бишкек-Ош автожолунда жеңил унааларга каттам бар. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Сосновка постунда чоң жүк ташуучу уналарга саат 9:30да убактылуу чектөө киргизилди. Шашылыш жана муктаждык болбосо ашуу аймактарына барбоо сунушталат.
Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү, жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү болушу ыктымал. Жолго чыккан айдоочулар 500 метр аралыкты сакташы керек.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет: эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз.