Суваналиев тажик тарап менен сүйлөштү. Кармалган кыргызстандыктарды үйлөрүнө алып келүү маселесин чечтиби?

Бүгүн, 4-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмодзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки тарап облустар аралык соода-экономикалык, маданий байланыштарды чыңдоо, кошуналык жакын мамилени, эки элдин ынтымагын, достугун бекемдөө жаатында сүйлөшүшкөн. Ошондой эле чек аралаш аймактарда коомдук коопсуздукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алуу, көйгөйлөрдү биргелешип чечүү боюнча да талкулашкан.

Аны менен катар өкүлчүлүк 16-февралда тажик тарап кармап кеткен беш кыргыз жаранын үйлөрүнө алып келүү маселеси да тараптардын сүйлөшүүсүндө талкууланды деген менен аларды тажик тарап качан кой берээри дагы деле белгисиз экенин айтышты.

Белгилей кетсек, мындан бир нече күн мурун SEREP MEDIA маалымат агенттигине тажик тараптын тергөө абагында жаткан Дөөлөт Орозовдун бир тууган карындашы Элмирахан Орозова кайрылган. Анда ал Тажикстандын тергөө абагында жаткан агасынын ал акыбалы тууралуу маалымат ала албай жатканын айтып, кабатырланган.

Эске салсак, 16-февралда Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Тажикстандагы мал базарына барып, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагын көздөй кайтып келатканда, Согди облусунун Кистакуз айылынан Тажикстандын чек арачылары кармап кеткен. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, аталган 5 жаран жол таппай, чек арадагы мыйзамдуу өткөрмө бекетинен адашып калышкан. Ошондон бери аталган беш кыргызстандык үйлөрүнө кайтып келе элек.