Суваналиев: «Тажикстанда кармалып турган кыргыз жарандарын бошотуу чарасы каралып жатат»

Бүгүн, 22-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстанда кармалып турган адамдарды бошотуу талабы менен чыккан митингчилерге жолугушту. Бул тууралуу облустук башкармалыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Суваналиев Тажикстанга укук коргоо өкүлдөрүнүн коштоосунда камакка алынган жарандарга барып, алардан кабар алууну пландап жатканын айткан.

“Өткөн жума күндөн бери бул маселени чечүү боюнча күч кызматкерлери менен чогуу иш жүргүзүп жатабыз. Учурда биздин жарандарды бошотуу чарасы каралып жатат. Ал үчүн Тажикстанга да барып кабар алып келебиз”,— деп айткан Суваналиев

Ошондой эле  митингчилер менен жолугушууга өкмөт өкүлүнөн тышкары жергиликтүү күч кызматтарынын жетекчилери, Баткен районунун акими да катышкан.

Белгилей кетсек, бүгүн 22-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратынын алдында жергиликтүүлөр митингге чыгышып, Тажикстанда камакта жаткан жердештерин боштондукка чыгарып берүүлөрүн бийликтен талап кылышкан. Себеби мындан бир нече күн мурун Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети беш кыргызстандын жаранын миграциялык мыйзамдарды бузушту деген айып менен  кармап кетишкен.