Сузак округу боюнча депутаттыкка 9 адам ат салышат (тизме)

22-сентябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №13 Сузак шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 9 талапкер, анын ичинде 2 аял каттоодон ѳтүп, шайлоого катышууда.

15 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 6 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.