Сузак округу боюнча шайлоо: алдын ала жыйынтык боюнча Алтынбек Кылычбаев алдыда

Борбордук шайлоо комиссиясы 22-сентябрда өткөн Сузак округундагы Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Райондо 124 миң 429 шайлоочу бар. Алардын 21 миң 57си добуш берди.

13 Сузак шайлоо округу боюнча – 81 участкасынан (100%):

  Шайлоочулардын тизмесине кирген шайлоочулардын саны 124 429  
  Добуш берген шайлоочулардын жалпы саны 21057 16,92%
  Талапкерлер алган добуштардын саны
Бегматов Бейшенбек Саматович 212 1.01%
     
Кылычбаев Алтынбек Таирович 10 174 48,32%
Лилиенталь Юлия Викторовна 749 3.56%%
Кошалиев Мелисбек Ысманалиевич 2435 11.56%
     
Сейдахматов Жыргалбек Орозбекович 2493 11.84%
Сапарбаев Медербек Мусаевич 3280 15.58%
Арапбаев Асилбек Ормонович 1351 6.42%
Баарына каршы 134 0.64%