Быйылкы жылы Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Сузак РЭТинде 2024-2025-жылга күз-кыш мезгилине карата 101 трансформаторду оңдоодон өткөрүшсө, кошумча 4 трансформатор жаңы курулат. Ал эми 3 трансформатордун кубаттуулугу жогорулайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен маалымдашты.
Андан сырткары 451 эскилиги жеткен 1970-1980-жылдарда курулган жыгач мамычалар темир бетон мамычаларга алмашат. Ошондой эле 3,6 чакырым аба чубалгысы жаңы тартылат. Ал эми 8,9 чакырым аба чубалгы кайра келбеттөө мерчемине киргизилген. Калктуу конуштарда жүргүзүлгөн жумуштар алдын ала керектөөчүлөргө эскертилип, өчүрүүлөр “Мой свет” тиркемеси аркылуу кабарланат жана Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын официалдуу сайтына Jpes@nesk.kg жүктөлөт.
Керектөөчүлөр өчүрүүлөр боюнча төмөндөгү дарекке байланышса болот:
Колл-борбор:
105; 1209;
+996 772 001209
+996 702 001209
+996 556 001209
Сузак район электр тармактар ишканасында 77 кызматкер 39 миң керектөөчүнү тейлейт.