Сузакта 11 жаштагы өспүрүм мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз

Сузак районунун Винсовхоз айылынын тургуну 2011-жылы туулган Малаасман-оглы Али 9-октябрь күнү саат 17:00 чамасында ошол эле айылдын талаасында мал кайтарып жүрүп, качып кеткен бойдон дайынсыз болууда.

Учурда Малаасман-оглы Алинин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 130-140 сантиметр, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, орто  дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү жемпир, жашыл-ала түстөгү камуфляж шым, бутунда кызыл түстөгү кроссовки болгон.

Дайынсыз болуп жаткан Малаасман-оглы Али тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо биздин дарекке кабарлап коюуңуздарды суранабыз. Номурлар: (03722) 7 39 90, 0771 93 60 70, 0553 78 00 78.