Сузакта Адилет Кадырбек уулу 10 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Сузак районунун Мазар-булак айылынын тургуну 2002-жылы туулган Кадырбек уулу Адилет 4-ноябрь күнү Соку-Таш айылында таенесинин үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Учурда Кадырбек уулу Адилеттин жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Дайынсыз болуп жаткан жаран кандайдыр бир маалымат болсо, 102, (03748) 5 02 09, 0995 77 02 12, 0771 77 02 12 номурларына чалсаңар болот.