Сузакта бир мектеп курулуп, экинчи мектеп капиталдык оңдоодон өтөт

Депутат Шаирбек Ташиев Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Т.Темирбаев атындагы орто мектебинин абалы менен жеринде таанышты. Анда Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору Нурдан Орунтаев менен жогорудагы мектептин капиталдык ремонттон өткөрүу маселесин карады.

Мектеп 1975-жылы пайдаланууга берилип, дээрлик капиталдык ремонттон өткөн эмес. Жыйынтыгында, мектеп толугу менен 2024-жылы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кошумча откана, спорт аянтча куруу тапшырмасы берилди.

Жалгыз-Жаңгак айылына 375 орундуу, заманбап, типтүү мектебинин имаратынын курулуш иштери жакынкы күндөрү башталышы күтүлүүдө. 2023-жылы мектептин имаратынын долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, Шаирбек Ташиевдин сунуштама-катынын негизинде 2024-жылы курулуучу социалдык объектилердин тизмесине киргизилген. 5-апрель күнү Нурдан Орунтаев менен биргеликте курулуш боло турган жерге барып, кабар алып, курулуш иштеринин башталышы алдынан Жалгыз-Жаңгак айылынын аксакалдары менен жолукту. Аталган айылда мектеп жок, калктын саны көп, ал эми жакынкы мектеп 3 чакырым аралыкта жайгашкан.