Сузакта чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыз. Жаңы жагдайлар

Социалдык тармактарда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров атындагы орто мектебинде окуучу кыз чөгөлөп кечирим сураган видеону бөлүшүп жатышат.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Билим берүү министрлиги менен байланышканыбызда, бул боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатканын, кошумча маалымат берилерин билдиришти.

«Бойго жетип калган чоң класстын окуучу кызын мугалимдер карап туруп, окуучулардын көзүнчө чөгөлөтүп кечирим суратууга болобу? Бул эмне деген маңкуртчулук, биз кайсы кылымда жашап жатабыз? Бойго жеткен кыздын намысы эмне болду, эртең өзүнө-өзү кол салбайт деп ким кепилдик берет? Бул Жалал-Абад облусу Сузак районуна караштуу №16 Сайдулла Акбаров мектеби. Кыз курбу кызынын жакасына ручка менен чийип койгондугу үчүн кыздын энеси келип ушундай жазалоого үндөп, мугалимдер кызды ыйлатып, чөгөлөтүп кечирим суроого мажбур кылган. Бул окуя быйылкы жылдын февраль айында болгон», — деп жазды видеону бөлүшкөн жаран.

Ал эми социалдык тармактарга облустук билим берүү усулдук борборунун директорунун Билим берүү министрлигине жөнөтүлгөн маалыматы тарап жатат. Анда видеонун ушул жылдын 31-январында тартылганы жазылган. «Окуя мектептин 7-классынын окуучулары тарабынан болгон. Видео ата-энелер тарабынан тартылып, бири-бирине тарап кеткен, натыйжада ата-энелер мектепке барып, териштирүү уюштурууну талап кылышкан. Окуя болгон күнү мектептин директорунун милдетин аткаруучу жумуш ордунда болгон эмес. Ал эми соцпедагог сабагы болгону үчүн териштирүү мезгилинде жок болгон. Окуя директордун милдетин аткаруучуга айтылган эмес. Тилекке каршы ушундай окуя болуп кеткен. Мектептин администрациясы кемчиликтерди мойнуна алып, түшүнүк кат беришти. Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө тиешелүүлүгүнө жараша мектеп администрациясы жана соцпедагог, класс жетекчилерине мыйза чегинде жаза колдонуу милдеттендирилди»,— деп айтылат маалыматта.