Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Эки жабырлануучуга операция жасалды

Саламаттыкты сактоо министрлиги Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында кечээ, 2-майда болгон кырсыкта 3 Тез жардам бригадасы биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөнүн маалымдашты.

Сузак аймактык ооруканасынан окуя катталган жерге 5 Тез жардам бригадасы, 3 травматолог, 2 хирург дарыгерлери тартылган. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында эки бейтап операцияга алынган, азыркы учурда операциядан кийинки абалы туруктуу.

Бүгүн, 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда.