Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Жабырлануучулардын абалы кандай?

Бүгүн, 3-майдын таңына карата Жалал-Абад облусунун саламаттык сактоо уюмдарында ар кандай жаракаттарды алган 20 жабырлануучу дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Министр Сузак аймактык ооруканасында жана Октябрь райондук жалпы дарыгерлик практика борборунда болуп, балдардын абалы менен таанышты. Ал ошондой эле Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында реанимацияда оор абалда жаткан беш бейтаптын консультациясына катышты.

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 12 бала дарыланууда, алардын бешөө реанимацияда; Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында — 1, Сузак аймактык ооруканасында — 3, Октябрь ЖДПБда – 4 бала дарыланууда. Калган жабырлануучулардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Саламаттык сактоо уюмдарында кандын жана анын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү запасы бар экенин белгилешти.

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын дарыгери Талант Жаныбеков Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдардын абалы тууралуу маалымат берди.