Сузакта манас айтууга чогулган балдарды коюп кеткен Портер. Министрлик тартипти бекитти

Билим берүү жана илим министрлигинин “Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартибин жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды аткаруу жөнүндө” буйругу бекиди.
Буйрук Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы №520 “Окуучулардын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомун аткаруу максатында чыкты. Токтомго ылайык, окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү маданий-массалык иш-чаралар Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басарынын (социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча) макулдугу жана Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт.
Жергиликтүү деңгээлде өткөрүлүүчү иш-чаралар БИМдин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен өткөрүлөт. Иш-чараны пландоодо окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психикасына жана коопсуздугуна коркунуч туудурган тобокелдиктер аныкталган учурда иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат. Иш-чараны өткөрүү үчүн жалпы жоопкерчилик уюштуруучуларга жүктөлүп, уюштурууда Тартипти жана талаптарды бузган адамдар тартиптик, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.