«Сузакта мектеп окуучулары мушташты» деген видео тарады

Социалдык тармактарда «Сузак районунун Саты айылынын окуучу кыздары мушташып жатат» деген видео тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жалал-Абад ОИИБге кайрылганыбызда, текшерүү жүрүп жатканын билдиришип, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалашты. «Жерине кызматкерлер жөнөтүлдү»,- дешти милициядан.