Сузакта милиция менен жергиликтүү бийлик жашоо-шарты оор, жардамга муктаж жарандарга кол сунду (сүрөт)

Сузак милициясы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте кайрымдуулук жасашты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден маалымдашты.

Сузак РИИБдин Балдар менен иштөө инспекциясынын демилгеси астында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин колдоосу менен райондогу жардамга муктаж болгон өспүрүмдөргө кайрымдуулук көрсөтүштү. Алар атайын күнүмдүк керектелүүүчү азык-түлүк жана шириндиктерди даярдашып, Сузак районунун аймагында жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө, жашоо-шарты оор абалда болуп жардамга муктаж болгон жалпы 42 үй-бүлөгө жардам колдорун сунушуп, ошону менен катар жылуу сөздөрүн айтышып, даярдалган белектерин таратышкан. Өз учурунда бул жасаган иштери үчүн алкоо алып, тургундар ак баталарын беришти.