Сузакта мугалими тарабынан сабалган окуучу кыздын окуясы боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Билим берүү министрлигинен комментарий беришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-класстагы окуучуларга информатика сабагы өтүлүп жатканда болгон. «Райондук билим берүү бөлүмү комиссия түздү. Бүгүн мектепке барып, окуя боюнча маалымат алышат. Ага жараша чара көрүлөт», — дешти.
Кечээ, 25-майда социалдык тармактарга мугалимдин окуучу кызга кол көтөргөндөгү видео тараган. Окуя Сузак районундагы Сафаровка айылындагы мектепте тартылганы маалым болгон. Кийинчерээк мугалим менен окуучунун чыры башталгандагы видео да тарады.