Сузакта окуучу кызга кол көтөргөн мугалим иштен алынды

Сузакта окуучу кызга кол көтөргөн мугалим иштен алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынчтыкбек Үсөнов билдирди. 

Маалыматка караганда, мугалим 381-берененин негизинде «Окуучунун инсандыгына физикалык жана (же) психикалык зомбулук көрсөтүү менен байланышкан тарбиялоонун, анын ичинде бир жолку ыкмаларын колдонуу» боюнча кызматынан бошотулган.