Сузакта окуучуларды указка менен урган мугалимге сөгүш берилди

Буга чейин социалдык тармактарда окуучуларды указка менен урган мугалимдин видеосу тараган. Маалыматка караганда, видео 12-апрель күнү Жалал-Абад облусундагы Жерге-Тал айылындагы №11 Мария Орозалиева атындагы мектепте тартылган.

Видео боюнча Билим берүү министрлигинен үн катышты. «Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн берген маалыматына ылайык, аталган окуя 12-апрелде Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү №11 Мариям Орозалиева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде катталган. Аталган орто мектептин 67 жаштагы физика мугалим Абдулашым Жолболдуев (эмгек стажы 46 жыл) 8-класстын окуучуларына сабак өтүп жаткан. Мугалим менен окуучулардын ортосундагы түшүнбөстүк окуучулар физика сабагынан лабораториялык тапшырманы аткарбагандыгы үчүн келип чыккан.

Бул окуя боюнча мектеп администрациясы чукул жыйналыш өткөрүп, физика мугалими Абдулашым Жолболдуевге билим берүү мыйзамына жана мугалимдин этикасына туура келбеген иш-аракети үчүн мектеп жетекчиси тарабынан Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “сөгүш” тартиптик жазасы берилди. Ал эми мектептин директоруна Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн кезексиз коллегиясынын чечими менен Эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык “Эскертүү” тартиптик жазасы берилет. Бул окуяга байланыштуу 8-класстын окуучуларынын ата-энелери тараптан эч кандай арыз түшкөн эмес», — дешти.