Сузакта отко салса күйбөгөн, шамал болсо, кулап калбаган балаты орнотулду

Сузак районунун борборундагы быйылкы балаты да социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатат. Эки жыл мурда райондун борборуна орнотулган балатыны белгисиз жарандар өрттөп кеткен эле. Өткөн жылы шамал болуп, кар жааган учурда кыйшайып калган. Ошол окуялардан улам жыл сайын күч түзүмдөрү айыл өкмөттүн кызматкерлери менен биргеликте райондун борборундагы балатыны коруп калышкан.

Быйылкы балатыны орнотуу үчүн Сузак айыл өкмөтү жарыялаган тендерге бир да ишкер катышпагандыктан, айыл өкмөттүн кызматкерлери өздөрү жасашкан. Бийиктиги 8 метр болгон балатыга 49 миң сом коротулду. Темир каркастар орнотулуп, аны кадимки жашыл майсаң менен ороп, түнкү жарыктар менен жасалгаланган. Базарда жаңы жылдык жасалгалоолор, оюнчуктар сатылбай жаткандыктан айыл өкмөттүн кызматкерлери кадимки оюнчуктун сүрөттөрүн чыгарып чаптап чыгышкан.